• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Коррупция менен күрөштөн түшкөн акча Чүйдө мектептерди оңдоп, курууга жумшалат – президент

Президент 0

Бишкек, 10.01.19 /Кабар/. Коррупция менен күрөштөн түшкөн акча каражатты Бишкек менен Чүй областында мектептерди оңдоп, курууга жумшалат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууга катышкан жергиликтүү жашоочулардын бири коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаты боюнча атайын эсеп ачылганын, ал боюнча иштер кандай жүрүп жатканына кызыкты.

Мамлекет башчысы Бишкек менен Чүй областында мектептердин жетишсиздигин белгилеп, коррупция менен күрөштөн түшкөн акча каражаты Бишкек менен Чүйдө мектептерди оңдоп, курууга жумшалаарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий