Жээнбеков коррупция тууралуу: “Мен пара берген да, алган да эмесмин”

Президент 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. КРнын президенти Сооробай Жээнбеков аны коррупцияга малынуудан эмне тосуп тургандыгы тууралуу өзүнүн жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында айтып берди.

“Мен пара берген да, алган да эмесмин”, - деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы ошондой эле диний адам болуп туруп, атеистерге кандай карай тургандыгы тууралуу суроого жооп берди.

Президент белгилегендей, көп Кудайга жакпаган иштерден аны дин сактайт.

“Мени көптөр абдан эле диний адамсың деп айтышат. Бир Кудайга ишенүү мени көп нерседен сактайт, коргойт. Дин мени мыйзамды тепсеп кетүүдөн сактайт. Ошондой эле дин мени коррупциядан сактайт. Кудайдан корккондор жаман иштерге барбайт”, - дейт президент.

“Мен баардык кыргызстандыктарга алардын динге болгон көз карашына карабастан бирдей карайм. Биз биримдикте жашашыбыз керек”, - дейт Жээнбеков

Пикир

Оставить комментарий