• 87.86
  • 93.94
  • 1

Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаты мектептерди курууга жумшалууда

Президент 0

Бишкек, 27.08.19. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылындагы орто мектепте жана Бишкек шаарындагы №12 мектеп-гимназиясында коррупцияга каршы күрөш боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептин каражаттарынын эсебинен жаңы корпустар курулат.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, бүгүн, 27-августта, президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен аталган мектептерде жаңы корпустарды курууга капсула салуу аземи болуп өттү.

Иш-чараларга жергиликтүү тургундар, мугалимдер, куруучулар катышкан.

Сокулук районунун Орок айылында президент тургундар жана мугалимдер менен баарлашкан.

«Ички миграциядан улам Бишкек шаарынын, Чүй жана Ош облустарынын орто мектептеринде окуучулардын саны көп болуп, мектептерге балдар батпай, чоң көйгөй бар экени маалым. Коррупция менен күрөштөн Бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн акча каражатын мектептерди жана аларга кошумча окуу корпустарын курууга жумшайлы деп чечкенбиз», – деди ал.

Президент коррупцияны түп орду менен жок кылуу мамлекеттин негизги максаты экенин белгилеп өткөн.

«Белгилүү мамлекеттик ишмер Корчубек Акназаров менен көзү тирүү кезинде жолугушканыбызда, "коррупция – бул сары чырмоок чөптөй, аны түп орду менен жулуп жок кылыш керек" деп айтты эле. Биз ал үчүн бардык аракеттерди көрөбүз, коррупцияга каршы күрөш уланат», – деди президент.

Ал аймактардын эли менен жолугушууларда алар мектептердин, бала бакчалардын жетишсиздигин айтып, куруп берүүнү өтүнүшөрүн кошумчалады.

«Кийин Бирдиктүү депозиттик эсептин каражаттарын бала бакчаларды салууга жумшайбыз», — деди ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков келечекте ушул мектептердин бүтүрүүчүлөрү өлкөнүн өнүгүүсүнө зор салымын кошчу татыктуу жарандар болооруна тилектештигин билдирди.

Учурда Сокулук районунун Орок айылында окуучулар үч нөөмөттө окушуп, кошумча имарат керек болуп келет. Курулушу башталган имарат эки кабат болуп, 500 орунга эсептелген.

Бишкек шаарынын №12 мектеп-гимназиясында да окуу имаратын кеңейтүү керек. Жалпы билим берүүчү мекеменин үч кабаттуу корпусу 385 орунга ылайыкталат. Курулуш иштерин 2020-жылы бүтүрүү пландалууда.

Эске салсак, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында түшкөн каражаттар үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылдын июнь айында ачылган.

Мамлекет башчы борбор калаадагы мектептерге барганда коррупция менен күрөшүүдөн атайын эсепке келип түшкөн каражаттар жаңы мектептерди же алардын имараттарына кошумча корпустарды курууга багытталарын белгилеген.

Жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында КР Билим берүү жана илим министрлиги 2019-жылга карата республика боюнча курулуш иштери баштала турчу 15 мектептин тизмесин түздү. Алардын 7си Бишкек шаарында, 7си Чүй облусунда жана бирөө Ош шаарында.

Пикир

Оставить комментарий