Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. «Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтык өнүгүүдө», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-сентябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан кыргыз-түрк бизнес-форумунда.
Мамлекет башчысы эки өлкөлөнүн ортосунда көп жылдар бою түптөлүп, барган сайын бекемделип жаткан саясий өнөктөштүк бийик деӊгээлге жеткенин белгиледи.
«Азыр Түркия менен өз ара ишенимге негизделген өзгөчө мамиле түзүлдү. Натыйжада, кыргыз-түрк соода-экономикалык мамилелери жакшы темпте өнүгүп жатат. Былтыр Түркиядан жалпысынан алганда 93 млн доллардан ашык инвестиция келген. Түркиядан Кыргызстанга эгемендик жылдардан бери бүгүнкү күнгө чейин тартылган түз инвестициялардын көлөмү 600 млн доллардан ашат», — деп белгиледи президент.
Ошол эле мезгилде эки өлкөнүн ортосудагы экономикалык дарамет толук колдонулбай жатканын баса белгиледи.
«Эрдоган мырза менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн жакынкы жылдары азыркы 400 млн доллардан бир миллиард долларга жеткирүү боюнча сүйлөшкөнбүз. Бул багыттагы иш-аракеттерибизди күчөтүү абзел», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы боордош түрк өнөктөштөргө өлкөнүн эшиги дайыма ачык экенин белгилеп, учурда кыргыз жергесинде жүздөгөн кыргыз-түрк ишканалары иштеп жатканын эске салды.
«Ушул залда биздин өлкөлөрдүн өнүгүшүнө ак эмгеги менен чоң салым кошуп жаткан бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү отурасыздар. Сиздердин араңарда бүгүнкү иш чаранын уюштуруучуларынын бири, Кыргызстанда көп жылдар бою эмгектенип келе жаткан „Мыстачоглу“ компаниясы бар. Түрк ишкерлери менен ар тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө кызыкдарбыз», — деп баса белгиледи президент.
Сооронбай Жээнбеков бизнести каттоону жөнөкөйлөштүрүү, жаңы түзүлгөн ишканаларды 3 жылга текшерүүдөн бошотуу, негизсиз текшерүүлөрдү кыскартуу, салык ставкаларын төмөндөтүү ж. б. инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү багытындагы иш-аракеттер жөнүндө айтып берди.
Мамлекет башчысы ошондой эле арзан электр энергиясы, 190 миллионго жакын адам жашаган ЕАЭБдеги мүчөлүгү, ВСП+ статусуна ээ болушу, бизнес-омбудсмен институтун түзүү сыяктуу Кыргызстанга инвестициялоонун башка дагы артыкчылыктары тууралуу айтып берди.
Президент мамлекет Кыргызстандын экономикалык потенциалын көтөрүүгө багытталган бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууну максат кылганын белгиледи.
«Өлкөнүн транзиттик дараметин пайдалануу үчүн транспорт инфраструктурасын жакшыртабыз. Автомобиль жана темир жол байланыштарын кеңейтебиз, авиаташуулар рыногун өнүктүрүп, соода-логистикалык хабдарды түзөбүз. Инвесторлор кызыга турган чакан жана ири ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорубуз бар. Туризм багытында да чогуу долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр арбын. Кыргыз тарап экологиялык жактан таза органикалык продукцияларды, анын ичинде этти, кургатылган жемиштерди, балды, жаңгак жана төө бурчакты экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө даяр. Алар Түркиянын рыногунда өз ордун табат деп ишенебиз. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүүнү ишке ашыруудабыз. Түркиянын маалымат технологиялар чөйрөсүндө жетишкендиктерин эске алуу менен, бул тармак түркиялык достор үчүн кызыгуу жаратат деп ойлойм», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы түрк ишкерлерин жогоруда аталган тармактарга инвестиция салууга чакырды. Кыргызстанда инвестордун активдери жана жеке менчиги кол тийгис, буга Кыргыз мамлекети толук кепилдик берерин белгиледи.
Ал ошондой эле Бишкек шаарында дүйнөлүк атагы бар Шератон мейманканасынын ачылып жатышы өлкөнүн туризм тармагынын өнүгүшүнө өз салымын кошот деген ишенимин билдирди.
Сооронбай Жээнбеков «Шератон» мейманканасынын негиздөөчүсү, бизнес-форумдун уюштуруучуларынын бири Айдын Мыстачоглуга бул долбоорду ишке ашырганы жана кыргыз-түрк экономикалык мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-түрк бизнес-форуму жаңы тармактарда кызматташууга жана өз ара пайдалуу келишимдерге жетишүүгө мүмкүнчүлүк берип, өз ара пайдалуу инвестициялардын көлөмүнүн өсүшүнө кошумча түрткү болорун жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган маанилүү кадам экенин белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий