• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Жээнбеков кыргызстандыктарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, кыргызстандыктарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

«Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү,

кадырман ардагерлер!

Сиздерди бүгүнкү Карылардын эл аралык күнү менен куттуктайм.

Биз кылымдар бою карыларын кадырлап, улууларын урматтап, сый көрсөтүп келе жаткан элбиз.

Мындан ары да калкыбыздын ушул нускалуу каада-салтын, элибиздин өрнөктүү жөрөлгөсүн, улуттук ар-намысыбыздын өзөгүн бекем сактоого милдеттүүбүз.

Бир гана ушул күнү эмес, ар дайым улгайган жарандарга урмат-сый, ар тараптуу колдоо көрсөтүү, ар бир ардагерге жылуу мамиле кылуу — коомдогу кадыресе көрүнүш болуусу шарт.

Көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган улуулардын терең акылы, көсөмдүгү жаштарыбыз үчүн көөнөрбөс сабак болууда.

Элибиздин руханий казынасын, асыл сапаттарын, маданий байлыгын көөнөртпөй сактап, жаш муундарга жеткирип жатканыңыздар үчүн терең ыраазылык билдирем!

Сиздерге чың ден соолук, бактылуу жашоо, дөөлөттүү карылык каалайм».

Пикир

Оставить комментарий