• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жээнбеков: Кытай Кыргызстан үчүн – ынак кошуна, ишенимдүү өнөктөш

Президент 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Кыргызстандын президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен анын мамлекеттик визитинин алкагында болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Мамлекет башчысынын билдирүүсүнүн тексти:

“Урматтуу Төрага мырза!

Сизге меймандос кыргыз жергесинде дагы бир жолу салам айтам.

Бүгүн Кытай Эл Республикасынан келген досторубуз менен жолугушуу биз үчүн чоң канааттануу тартуулайт.

Биздин өлкөбүзгө Сиздин мамлекеттик визит менен келишиңиз кыргыз-кытай мамилелеринде жаңы тарыхый баракты ачат.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Айымдар жана мырзалар!

Бүгүн биз абдан жыш толгон жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк.

Өз ара ишенгендиктин жана түшүнүшүүнүн кырдаалында конструктивдүү диалог болду.

Биз кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелеринин кеңири спектрин талкууладык.

Бизде Улуу Жибек жолу элдерибизди эзелтен бери эле байланыштырып келет деген жалпы позиция бар.

Байыркы мезгилде эле негизделген достук жана ынак кошуналык салттар азыркы кездеги кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин бекем негизи болуп калды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ар кайсы чөйрөлөрдөгү биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты күчөтүүнүн маанилүү экени белгиленди.

Биз өз ара аракеттешүүнүн бардык чөйрөлөрүндө өз ара пайдалуу мамилелерди тереңдетүү боюнча артыкчылыктуу багыттарды, жаңы милдеттерди жана узак мөөнөттүү пландарды аныктадык.

Бардык маселелер боюнча тараптар өз ара толук түшүнүшүүгө жана өнөктөштүн позициясын урматтого жетишишти.

Биз чоң социалдык мааниси бар долбоорлорго көп көңүл бурдук.

«Таза Суу» жана башка маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу көңүл борборунда болду.

Сиздер билгендей, Кытайда «Суу ичип жатып, ушул кудукту казган адамды унутпа» деген кеп бар.

Биз улуу кошунабыз, дос кытай элинин жардамын унутпайбыз.

Бүгүн экономикалык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Экономикалык күн тартибине төмөнкү маанилүү маселелер кирет:

- түз инвестициялардын биргелешкен фондун түзүү;

- «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу;

- «Бишкек и Ош шаарларында жолдорду куруу»;

- Кыргызстанда көп профилдүү агроөнөржай паркын түзүү;

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча агроөнөржай тармагына, коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар секторуна, ошондой эле Кыргызстандан Кытайга айыл чарба азык-түлүктөрүн экспорттоого тийешелүү документтердин чоң топтомуна кол коюлду.

Инвестициялык кызматташтык жана эки өлкөнүн шаарлары, облустары жана провинциялары ортосунда бир туугандык байланыштарды орнотуу жөнүндө макулдашууларга кол коюлду.

Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин тереңдетүү жөнүндө Биргелешкен декларация башкы жыйынтыктоочу документ болуп калды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын чыгаруу менен биздин мамилелерибиз сапаттык жаңы жана абдан жогорку деңгээлге чыкты деп чечкиндүү айтсак болот.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Кыргыз тарап Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын «Бир алкак – бир жол” демилгесин колдойт.

Кытай Эл Республикасы Кыргызстан үчүн – ынак кошуна, чыныгы дос жана ишенимдүү өнөктөш.

Си Цзиньпин мырзанын жеке көңүл буруусу менен Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө Кытай абдан чоң колдоо көрсөтүүдө.

Грант жана техникалык жардам катары өлкөбүзгө көрсөтүлүп жаткан зор колдоосу үчүн Кытай тарапка ыраазычылык билдиргим келет.

Бул Кыргызстандын калкы үчүн абдан чоң жардам.

Сөзүмдүн аягында ачык жана мазмундуу диалог үчүн Си Цзиньпин мырзага ыраазычылык билдиргим келет”.

Пикир

Оставить комментарий