• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбеков Кытайга КРде электромобилдерди чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады

Экономика 0

Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушууда Кыргызстанда электромобилдерди чыгаруу боюнча биргелешкен заводду ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылды.

Анын айтымында, Кыргызстан кытай электромобилдерин чыгаруу жана Борбор Азия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо үчүн плацдарм болуп бермек.

«Сиздин “Бир алкак – бир жол” демилгеңиздин алкагында аны ишке ашырууга мүмкүн экенин эске алганда биздин ортобуздагы кызматташуунун бул багытын келечектүү багыт деп эсептейм», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Маалым болгондой, Кыргызстан автоунааларды чыгарбайт, унаалар негизинен Япония, Европа, АКШ жана Россиядан алынып келинет.

Пикир

Оставить комментарий