Жээнбеков: Өлкөдө мал чарбачылыгынын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар, аны натыйжалуу пайдалануу керек

Президент 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-августта, Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районундагы асыл тукум мал чарбачылыгы менен алектенген «Сал-Эм» асыл тукум заводунун ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Асыл тукум заводунун жетекчиси Саламат Молдоканов аталган ишкана «Абердин Ангус» породасындагы уйларды, Россиянын асыл тукум жылкыларын жана гиссар тукумундагы койлорду өстүрүү менен алектенерин маалымдады.

Малдын жалпы саны 600 баштан ашат.

Саламат Молдоканов асыл тукум мал чарбачылыгы менен алектенерин, эгемендиктин алгачкы жылдарында бул иш менен алектенген атасынын баштаган ишин улантып жатканын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү ишкерлер менен баарлашып, асыл тукум мал чарбачылыгы чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин айтты. Аны натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын баса белгилеп, асыл тукум мал чарбачылыгы айыл чарба тармагында өзгөчө орунду ээлерин, малдын санын көбөйтүүгө жана мал чарба азыктарынын сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берерин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында фермерлер, дыйкандар жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн салык боюнча жеңилдиктер, айылдагы товар өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген каржылоо жөнүндө айтып берди.

Ал көп жылдар мурун өлкө өзүнүн асыл тукум ишканалары менен атактуу болгонун, бирок мезгилдин өтүшү менен бул чөйрөдөгү потенциалын сактап кала албаганын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков фермерлердин күжүрмөн эмгегин канааттануу менен белгилеп, жер-жерлердеги ушундай ишкерлердин аракети менен асыл тукум чарбаларынын мурдагы даңкын кайра кайтарууга мүмкүн болорун кошумчалады.

Мамлекет башчысы өзүнүн эскерүүлөрү менен бөлүшүп, эгемендиктин алгачкы жылдары бүт айыл чарбачылыгы үчүн абдан оор болгонун жеке тажрыйбасынан белгиледи. Буга байланыштуу ал ошол оор мезгилде асыл тукум чарбачылыгын көбөйтүү ишин сактап, өркүндөтүүгө жетишкен Саламат Молдокановдун атасынын эмгегин өзгөчө ыраазычылык менен белгиледи. Сооронбай Жээнбеков анын ишин улантып кеткен анын уулуна — ишкер Саламат Молдокановго ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле, мамлекет башчысы аймактын көйгөйлүү маселелерин ортого салган жергиликтүү тургундар менен баарлашты. Алар аймакта жаштардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу турак жай куруу үчүн жер тилкелерин трансформациялоо маселесин чечип берүүнү өтүнүштү.

Мындан сырткары, мектептерде бийик тоолуу аймактардын коэффициентин эске алуу менен айлык акыга кошумча төлөмдөр берилбей жаткандыгын белгилешип, буга байланыштуу региондук коэффициентти кайра киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранышты.

Пикир

Оставить комментарий