Бишкек, 03. 07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-июлда, өлкөнүн бир катар медициналык кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Жарлыкка ылайык, коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүгө, калктын саламаттыгын сактоого жана санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулукту камсыз кылууга салым кошкондугу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын медициналык кызматкеринин күнүнө байланыштуу төмөнкүлөр сыйлансын:
III даражадагы «Манас» ордени менен:
Аалиев Гулжигит Кенжекараевич — Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы врачы;
Марипов Асамидин — Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын директору;
«Даңк» медалы менен:
Джумаканова Айгуль Бейшебаевна — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин Лабораториялык сыноолор борборунун начальниги;
Кабылова Бегим Доолотовна — Чүй облусунун Москва районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы;
Мадраимова Гулийпа Гапыровна — Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын гепатология бөлүмүнүн медайымы;
Берилсин:
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» деген ардактуу наам:
Бектенова Тамара Тойчуевнага — Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун паразитологиялык лабораториясынын башчысына;
Голощапова Галина Николаевнага — Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын УЗИ врачына;
Жаркынбаева Бурулбүбү Айтмамбетовнага — Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын № 9 бөлүмүнүн башчысына;
Жоробаев Үсенкул Салиевичке — Жалал-Абад облусу боюнча координациялоо функциясы менен Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачынын орун басарына;
Касмалиева Калбүбү Кемеловнага — Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;
Калмамбетова Гульмира Исмаиловнага — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун республикалык референс лабораториясынын башчысына;
Кыргызбаева Атыркүлгө — Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун уюштуруу иштери боюнча орун басарына;
Мамбетов Малик Кусеиновичке — Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачына;
Масымбаева Элмира Бакасовнага — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиолог-врачына;
Мурсалиев Асадилло Юлдашевичке — Жалал-Абад облусунун С. Жолдошев атындагы Сузак аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;
Насиров Абдымомунга — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун транспорттогу «Ош» эл аралык аэропортундагы санитардык-карантиндик пунктунун башчысына;
Рыскулбекова Айнагуль Байсаловнага — Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысына;
Рыспекова Гульнара Асанаевнага — Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн инфекционист-врачына;
Сагындыкова Чолпон Аксаккоевнага — Талас облусу боюнча координациялоо функциясы менен Талас райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачына;
Сыдыкова Фариса Аскеровнага — Бишкек шаарынын № 14 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк врачына;
Тойтонов Исламбекке — Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын № 2 жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;
Турдуматова Акшоола Болотбековнага — Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн инфекционист-врачына;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Абдураимова Жанна Сулаймановна — Ош шаардык клиникалык ооруканасынын директорунун медайымдар иши боюнча орун басары;
Акматова Айнура Бектургановна — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын начальниги;
Ашыралиева Дамира Омурзаковна — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин кызматкери, вирусологу;
Бакирова Зарина Убайдуллаевна — Ош облусу боюнча координациялоо функциясы менен Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун вирусологиялык лабораториясынын башчысы;
Бектурганов Улукбек Бектурсунович — Чүй облусу боюнча координациялоо функциясы менен Ысык-Ата райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачы;
Галбаев Нурлан Басытович — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси;
Жороев Акжол Осмоналиевич Баткен облусунун Лейлек райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы;
Исабекова Назира Сагынбаевна — Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы;
Исманалиева Диларахан Айдаровна — Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы;
Ишенапысова Гулбара Сатыгуловна — Республикалык иммунологиялык профилактикалоо борборунун директору;
Калдыбаева Айнек Сетенбаевна — Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы врачынын медайымдар иши боюнча орун басары;
Кучук Татьяна Энверовна — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык жугуштуу ооруларды лабораториялык диагностикалоонун сапатын контролдоо илимий-практикалык борборунун жетекчиси;
Мамажанов Дилшод Бахтиярович — Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын инфекциялык контролдоо адиси;
Ражапбаева Атиргүл Шүкүрүллаевна — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун Оштогу чумага каршы бөлүмүнүн бактериологиялык лабораториясынын башчысы;
Сооронбаева Эркингүл Жусуповна — Нарын облусунун Ат-Башы райондук Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологунун жардамчысы;
Тойлубаева Рахат Мискинбаевна — Талас облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы;
Чоробаева Нургүл Тургунбаевна — Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук Жалпы врачтык практикалоо борборунун медайымы;
Шерматова Мастура Умирзаковна — Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн улук медайымы;
Эсенгельдиева Гульбарчын Муратовна — Бишкек шаарынын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун вирусологиялык лабораториясынын башчысы.
Пикир
Оставить комментарий