Жээнбеков: Мен Кыргызстандын келечегин сапаттуу билим алган татыктуу муундан көрөм

Президент 0

Бишкек, 03.07.18. /Кабар/. «17 жылдын ичинде тестирлөөгө 700 миңден ашуун мектеп бүтүрүүчүлөрү катышты. Мени кубанткан көрүнүш — мурдагы жылдарга караганда алдыңкы бүтүрүүчүлөрдүн арасында Кыргызстандын бардык аймактарынан өкүлдөрдүн көбөйгөнү жана алардын тестирлөөдө алган орточо баллынын жогорулашы. Бул жетишкендик — акыркы жылдарда өлкөдө билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, приоритеттүү тармак катары таанылып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын көлөмүнүн өсүшүнүн алгачкы жыйынтыктары», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-июлда 2018-жылдын жалпы республикалык тестирлөөсүнүн жыйынтыктары боюнча эң жогорку балл алган орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүн куттуктоо аземинде. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөрдү экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, орто мектепти аякташы менен куттуктап, Кыргызстандын эӊ алдыӊкы бүтүрүүчүлөрүнө мамлекет өзгөчө үмүт менен карай турганын белгиледи.

«Өлкөбүздүн таланттуу жаштары катары силерди турмуш жолуна аттандырып жаткан ата-энеӊер, мугалимдер менен чогуу биз да сыймыктанабыз. Келечекте элибизге, жерибизге жакшы ийгиликтерди алып келген инсандар болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясатынын эң башкы принциби — сапаттуу жана үзгүлтүксүз билим берүү системасын түзүү экенин белгиледи.

«Бизде нефть жана газ жок жана дүйнөлүк рынокто биз билимибиз менен гана атаандаштык жарата алабыз. Билимдүү жарандар гана өлкөнүн атаандашуу жөндөмүн жана экономикалык гүлдөп өнүгүшүн камсыз кыла алышат. Биздин жарандар кайсыл куракта, кайсыл жерде болбосун билимге жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл. Билим гана дүйнөнү өзгөртөт, билим гана адамды максатка жеткирет. Мен Кыргызстандын келечегин сапаттуу билим алган татыктуу муундан көрөм», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков «алтын сертификаттардын» ээлерине кайрылып.

Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөр келечекте билимдүү жана жооптуу адамдардан болуп, өнүккөн өлкөнү курууга даяр болоруна ишеним билдирди.

Ал Кыргызстанда он жетинчи жолу өткөрүлүп жаткан жалпы республикалык тестирлөө жогорку окуу жайларына кабыл алуу кампаниясын өткөрүүдө коррупциялык коркунучтарга каршы ийгиликтүү долбоор болуп калганын белгиледи.

«Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат». Силер Кыргызстанда 60 миңге жакын бүтүрүүчүнүн арасынан өзүңөрдүн билимиңер менен, эмгегиңер менен айырмаланып, эң жакшы бийиктиктерди багынтып отурасыңар, — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүтүрүүчүлөргө кайрылып. — Силерге терең билим, татыктуу тарбия берип, ушул даража га жеткирген мугалимдердин жана ата-энелердин эмгеги чоң. Турмуш жолуңарга багыт берген мугалимдериңерди дайым ыраазычылык менен эстеп жүрөсүңөр деп ишенем».

Мамлекет башчысы «алтын сертификаттардын» ээлерине бекем ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалады.

«Мекен керегине жараган татыктуу улан-кыздардан болгула! Силер — Кыргызстандын келечегисиңер!», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Бүтүрүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана ноутбуктар тапшырылды. Жолугушуунун соңунда М амлекет башчысы менен эстеликке сүрөткө түшүү болду.

Маалымдама: Бул жылы «алтын сертификаттарды» Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мекемелеринин 59 бүтүрүүчүсү алды. 2018-жылдын эң жогорку баллы 237 болду. КР Президентинин алкыш баракчалары менен сыйлоо аземине 59 бүтүрүүчүлөрдөн башка дагы ар бир облустан 7 бүтүрүүчү чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий