• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жээнбеков менен Назарбаев телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 06.12.17. /Кабар/. Бүгүн, 6-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Телефондук сүйлөшүүдө мамлекет башчылары Астана шаарында 2017-жылдын 2-декабрында эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары тарабынан кол коюлган “жол картасы” боюнча сүйлөшүүлөрдүн натыйжаларына канааттангандыгын билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин абалы жана келечеги боюнча пикир алмашышты.

Телефондук сүйлөшүү кыргыз тараптын демилгеси менен болду.

Пикир

Оставить комментарий