• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Жээнбеков менен Венгриянын премьер-министринин расмий жолугушуу аземи болду

Президент 0

Бишкек, 04.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кыргызстанга үч күндүк расмий визит менен келген Венгрия Премьер-министри Виктор Орбандын расмий жолугушуусунун аземи бүгүн, 4-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болду. Мартабалуу коноктун урматына Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинди, гимндер жаңырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Расмий жолугушуудан жана делегациялар менен таанышуудан соң Сооронбай Жээнбеков менен Виктор Орбан эки тараптуу жолугушууга багыт алышты.

Эскерте кетсек, Президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен Венгрия Премьер-министринин Кыргызстанга визити 2-сентябрь күнү башталган.

Виктор Орбан мартабалуу Ардактуу мейман катары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин Чолпон-Ата шаарында өткөн Саммитинин жыйынына, ошондой эле «Кырчын» капчыгайында этношаарчанын ачылышына катышты.

Пикир

Оставить комментарий