• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мугалим, врачтардын айлыктарын көбөйтүү боюнча убадам ырааты менен аткарылат - Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. “Мугалимдерге, врачтарга айлыктарды көтөрөм деген убадам ырааты менен аткарылат. Врачтардын айлыктары көбөйтүлдү, эми кийинки кезек мугалимдерде”, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы кызматына киришкен күндөн тартып, президенттикке талапкер катары элге берген убадаларын аткаруунун үстүндө иштегенин белгиледи.

“Убадаларымдын негизгилери – региондорду өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын жакшыртуу, коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүү. Эл үчүн маанилүү дагы бир убадам бар, ал эсимде. Бул – мугалим, врачтардын айлыгын жогорулатуу”, - деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, айлыктарды көтөрүү үчүн экономиканы жакшыртып, мамлекеттик бюджетке кол салгандарды тыйып, кирешени көбөйтүү керек.

“2018-жылы бул багытта иштедик, калктын турмушун жакшыртуу үчүн зарыл базаны түздүк. 2018-жылдын 1-октябрынан баштап медиктердин айлыгын көтөрдүк. Азыркы этапта үй-бүлөлүк дарыгерлер жана эмчи айымдар, жалпы практикадагы дарыгерлер жана фельдшер-акушердик пункттардын орто медициналык персоналдарынын айлык акысы көбөйдү. Кийинки этапта стационардык медициналык тейлөө кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлөт. Бул багытта Өкмөт Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте иштеп жатат», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий