• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Жээнбеков Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйынын өткөрөт

Президент 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 24-июнда, Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин алдындагы Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жыйында өнөр жайды, жеңил өнөр жайды, айыл чарба кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү келечеги жана азыркы абалы талкууланат.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өлкөнүн ишкердик коомчулугунун өкүлдөрү катышат.

Комитет инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу, өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында мамлекет жана бизнес-коомчулуктун ортосунда пикир алмашуу аянтчасы болууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий