Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Региондорду өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан негизги шарттар түзүлдү, — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда өтүп жаткан маалымат жыйынында.
Анын айтуусуна караганда, белгиленген максаттарга жетүү үчүн былтыркы жыл — „Региондорду өнүктүрүү жылы“, быйыл — „Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы“ деп жарыяланган.
"Андан сырткары соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу жана коррупцияга каршы күрөш боюнча тынымсыз аракеттер жасалды. Эки жыл ичинде бир кыйла натыйжаларга жетиштик. Ошолорго кыскача токтоло кетейин. Биринчи, Региондорду өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан негизги шарттар түзүлдү. Акыркы жылдары региондорду өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип жатканыбызды, анын себептерин жакшы билесиздер. Элет жеринде жашаган адамдардын жашоо турмушун жакшыртуу, жаӊы жумуш орундарын түзүп, элди иш менен камсыз кылуу аркылуу миграциянын агымын токтотуу зарылдыгы келип чыкты", - деп билдирди президент.
Анын айтуусуна караганда, тилекке каршы, буга чейинки экономикалык саясат аймактарды өнүктүрүүгө жөндөмсүз болуп келди.
"Мисалы, бюджет, салык, акча, кредит саясатында региондордун өнүгүүсүндөгү диспропорция эске алынган эмес. Натыйжада ички миграция күчөдү. Алыскы райондордон, анын ичинде чек ара аймагынан көчүп кеткендер көбөйгөн. Ошол себеп менен, акыркы эки жылда региондогу долбоорлорлорду каржылоонун көлөмүн кескин түрдө жогорулаттык", - деди Жээнбеков.
Мамлекет башчысы билдиргендей, мамлекеттик банктардын, Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун кредиттик саясаты региондорду өнүктүрүүгө багытталды.
"Эки жылдын ичинде 38 млрд сомго жакын суммадагы жеңилдетилген кредиттер региондорго берилди. Россия-кыргыз фондунун сомдук кредиттеринин ставкасы 9 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Ошону менен катар региондор үчүн тикелей каржылоонун кредиттик лимиттери 1 млн доллардан 200 миң долларга чейин азайтылды", - деп кошумчалады ал.
Айыл чарба кооперативдерине, соода-логистикалык борборлоруна салык төлөө жагынын абдан чоң жеңилдиктер берилди, - деди өлкө башчысы.
"Кайра иштетүүчү өнөр жайынын ишканалары үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга төмөндөтүлдү. Аймактарда жаңы ачылган өндүрүш ишканалары 5 жылга салыктын төрт түрүнөн — пайда салыгынан, сатуу салыгынан, жер салыгынан жана мүлк салыгынан бошотулду. Жергиликтүү бюджетти чыңдоо максатында киреше салыгынан жергиликтүү бюджетке болгон чегерүүлөрүнүн нормативдерин 50 пайыздан 70 пайызга чейин көбөйтүлдү. Ал эми 2020-жылга бул салыктын 80 пайызы жергиликтүү бюджетке калтырылат. Ушул аракеттердин натыйжасында аймактарда эки жылдын ичинде 600гө жакын ири жана орто ишкана ачылды", - деп билдирди президент.
Пикир
Оставить комментарий