• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жээнбеков Санкт-Петербургда өтүп жаткан ЖЕЭКтин кезектеги жыйынына катышууда

Президент 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрда, Санкт-Петербург шаарында (Россия) өтүп жаткан Жогорку Евразия Экономикалык Кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда.

Күн тартибинде: өлкөлөрдүн кызматташуусун өркүндөтүү маселелери жана Евразия экономикалык кеңешинин интеграциясын тереңдетүү маселелери.

Чакан курамда сүйлөшүүлөрдөн кийин делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен отурум кеңейтилген курамда улантылууда.

Санкт-Петербург шаарындагы Евразия саммитине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев жана Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон — көзөмөлдөөчү өлкө катары катышууда.

Пикир

Оставить комментарий