• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жээнбеков Шавкат Мирзиёевге көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 18.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Актюбинск облусундагы трагедиялуу окуянын кесепетинен Өзбекстан жарандары каза болгондугуна байланыштуу Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге көңүл айтты. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан Казакстан Республикасынын Актюбинск облусундагы трагедиялуу окуянын кесепетинен Өзбекстан Республикасынын жарандары каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, колдоо көрсөткөн сөздөрүмдү, жабыркагандар тез арада сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюңузду өтүнөм. Орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөбүз”, -деп белгиленет телеграммада.

Пикир

Оставить комментарий