Бишкек, 10.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынына катышты.
Жыйындан соң ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын, байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын жана эл аралык коноктордун сүрөткө түшүү каадасы өттү.
Андан ары мамлекет башчылар ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы жыйынына бет алышты.
Пикир
Оставить комментарий