• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбеков соттук реформа боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү – фоторепортаж

Коом 0

Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда соттук реформа боюнча Кеңештин жыйынын өткөрдү.

Күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы “Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жаңы долбоорлору талкууланды.

Бул маселелер боюнча вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин конституциялык укук кафедрасынын доценти Чынара Мусабекова, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов жана ЭККМКнын төрагасы Бакир Таиров чыгып сүйлөштү.

Соттук реформа боюнча Кеңештин мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Тынчтыкбек Шайназаров, Эмиль Токтошев, Максат Сабиров, эксперттик жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Гүлмира Маматкеримова жана башка мүчөлөрү сунуштары менен чыгып сүйлөштү.

Жыйындын жыйынтыгы менен сунуштар эске алынып, соттук реформа боюнча Кеңештин чечиминин долбоору кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий