• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

Президент 0

Бшкек, 15.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда, Баку шаарында (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу Кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынына катышуунун алкагында Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн Түркия бир тууган жана дос мамиледеги мамлекет экенин өзгөчө белгиледи. Режеп Тайып Эрдогандын 2018-жылы Кыргызстанга болгон расмий визитинен кийин өлкөлөрдүн мамилеси жана мамлекеттик структураларынын ортосундагы түрдүү деңгээлдеги жигердүү диалог активдешкенин канааттануу менен белгиледи.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Түрк кеңешиндеги ийгиликтүү төрагалыгы менен куттуктады.

Тараптар дагы бир жолу биргелешкен күн тартибинин артыкчылыктуу багыттары боюнча эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө, буга чейин макулдашылгандай Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 млрд АКШ долларына чейин жеткирүү боюнча жумушту күчөтүүгө даяр экенин белгилешти.

Ошондой эле Кыргызстан менен Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңешинин кезектеги жыйынын, өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанисин баса белгилешип, жакынкы келечекке артыкчылыктуу багыттар боюнча пландарды белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий