• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жээнбеков: Таза суу маселеси бардык региондордо актуалдуу болууда, бул багытта комплекстүү чаралар көрүлүп жатат

Президент 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Токтогул районунун Кара-Тектир айылын таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысына маалымдалгандай, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө жаңы суу түтүгүн орнотуу, айылдын колдонуудагы суу менен камсыздоо түйүндөрүн толугу менен алмаштыруу каралган.

Курулуш иштери АРИС линиясы боюнча айылдарды суу менен камсыздоону туруктуу өнүктүрүү долбоорунун алкагында Ислам өнүктүрүү банкы менен биргеликте аткарылууда жана өлкөнүн калктуу конуштарынын суу менен камсыздоо тутумдарын реабилитациялоону жана санитарияны жакшыртууну көздөйт.

Токтогул районунун Кара-Тектир айылындагы таза суу боюнча долбоорду 2020-жылы аяктоо болжолдонууда, анын арты менен 4 миңге жакын жергиликтүү жашоочулар таза ичүүчү суу менен камсыздалышат.

Сооронбай Жээнбеков бардык региондордун калкын таза суу менен толук камсыздоонун өзгөчө маанисин баса белгилеп, бул багыттагы иштер анын жеке көзөмөлүндө экендигин айтты.

Таза ичүүчү суу жалпы өлкө боюнча актуалдуу маселе экендигин белгилеп, Президент буга байланыштуу тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан комплекстүү чаралар көрүлүп, өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдү ишке тартуу боюнча тиешелүү иштер аткарылып жаткандыгын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча милдетти ишке ашыруу анын президенттик ишмердигинин негизги багыттарынын бири экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий