• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевге “Данакер” орденин тапшырды

Президент 0

Бишкек, 14.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстан Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында кечээ, 13-декабрда, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевге “Данакер” орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Шавкат Мирзиёевге жогорку сыйлыкты тапшыруу аны үчүн чоң сыймык экендигин билдирди. “Сиз чындыгында эле кыргыз-өзбек мамилелериндеги достуктун жана жакшылыктын жаратуучусу болуп калдыңыз. Сиз Алмазбек Шаршенович менен бирге биздин өлкөлөр ортосундагы жакшы кошуналыкты тереңдетүү үчүн бекем пайдубал түздүңүздөр. Бекем саясий эркиңиз үчүн жана биздин ортобуздагы эки тараптуу мамилелерге жан дилиңиз менен кам көргөнүңүз үчүн Сизге чоң рахмат”, -деди ал.

Сөзүнүн акырында Президент Сооронбай Жээнбеков өзбек элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү, ал эми Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге достук мамиледеги Өзбекстанды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган ири пландарды турмушка ашырууда албан ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Миромонович Мирзиёев Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү орнотууга, салт болуп калган достукту жана ынак коңшулаштыкты бекемдөөгө кошкон жеке зор салымы үчүн «Данакер» ордени менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий