• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жээнбеков "Ак шумкарларга": Жүрөктөрүбүз сыймыктануу сезимдерине толуп турат

Президент 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. «Бул күндөрү биздин жүрөктөр өлкөбүз үчүн сыймыктануу жана силердин эң сонун оюнуңар, мекенчилдигиңер жана каарман эмгегиңер үчүн ыраазы болуу сезимдерине толуп турат», — деди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасынын спортчуларын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо аземинде.

Мамлекет башчысы ушул күндөрү өлкөбүздө көтөрүңкү маанай орноп, ар бир кыргызстандык мекенчилдик жана сыймыктануу сезимдерине бөлөнгөнүн баса белгиледи.

«Силер өлкөбүздүн намысын татыктуу коргодуңар. Бизге зор дем берген майрам тартуулап, бардык кыргызстандыктардын алкышына арзыдыңар. Дүйнө жүзүнө белгилүү футбол державаларынын атактуу командалары менен тең ата таймашып, силер чыныгы командалык рухту, бекем баш кошкондукту, эрдикти жана каармандыкты көрсөтүп, өлкөбүздүн намысы үчүн күрөштүңөр. Азия Кубогундагы силердин акыркы оюнуңарды биз жеңилүү эмес, ар-намыстын чыныгы жеңиши катары кабыл алдык», — деп белгиледи Президент жана бардык кыргызстандыктардын атынан спортчуларга ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков курама команданын футболчулары чоң спортто алгачкы кадам таштаган көптөгөн балдар, жаш өспүрүмдөр үчүн үлгү болуп калышканын баса белгиледи.

«Жеңилүү ызасы кетет, ал эми сыймыктануу сезими ар дайым биз менен калат деп жазган силердин күйөрмандарыңардын биринин пикирин колдойм. Силер — бүт өлкөбүздүн сыймыгысыңар! Силер ийгиликтүү команда катары калыптанып калганыңарды эч ким тана албайт. Силердин эмгегиңер менен биз футбол өлкөсү катары таанылдык. Мен Кыргызстан элин, бардык күйөрмандарды, футболчуларды, өлкөнүн Футбол федерациясын жана кызмат кылган бардык азаматтарды силердин эң сонун оюнуңар менен куттуктайм. Биз үчүн силер жеңүүчүсүңөр!», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Ал курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин эмгегин өзгөчө белгиледи. Анткени машыктыруучулардын көрөгөчтүгү жана жогорку кесипкөйлүгү спортчулардын эң жакшы натыйжаларга жетишүүсүнө өбөлгө болду. Алар ар бир оюнчуну өз баласындай көрүп, чыныгы чемпиондорду тарбиялашты.

«Биздин курама командабыз ишеним отун жандырып, элибизди бириктирди жана кыргызстандыктардын үмүтүн актады. Мына ошондуктан команданын башкы машыктыруучусу Александр Сергеевич Крестинин мамлекеттик жогорку сыйлык — „Данакер“ ордени менен сыйланат», — деп баса белгиледи Президент.

«Дордой» спорт клубунун президенти Аскар Салымбековго кайрылып, Сооронбай Жээнбеков анын кыргыз футболунун өнүгүшүнө кошкон жеке салымын белгиледи.

«Эң татаал мезгилде, Кыргызстан эгемендүүлүккө жаңыдан ээ болгон кезде, сиз кыргыз футболуна камкордук көрүп, ушул жылдар ичинде анын өнүгүшүнө баа жеткис салым коштуңуз. „Дордой“ командасы бүгүн өлкөдөгү эң мыкты команда. „Дордойдун“ 14 оюнчусу курама команданын мүчөсү. Сиздин эмгегиңиз менен Кыргызстанда футбол бутуна туруп, баарыбызды ийгиликтери менен кубандырууда», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы жаңы ыкмалары, ишке новаторлук мамилеси менен кыргыз футболунун калыптанышына жана өнүгүүсүнө чоң салым кошкон КР Футбол федерациясынын президенти Семетей Султановдун ролун белгиледи.

«Спорт дүйнө элдеринин достугун чыңдайт. Биздин көп улуттуу командабыз биздин коомубуздун айныксыз артыкчылыктарын ынанымдуу далилдеди. Элибиздин биримдиги, улуттар аралык ынтымак биздин күчүбүз жана өлкөбүздүн жеңиштеринин кепили. Виталий Люкс жана Эдгар Бернхардт биздин өлкөдө төрөлүп, чоңоюшкан, Ала-Тоонун дартка даба абасынан дем алып, биздин мөлтүр кашка сууну ичишкен. Бүгүн алар көп улуттуу өлкөбүздүн спортунун намысын коргошуп, бардык кыргызстандыктардын урмат-сыйына татыктуу болушту», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент мамлекеттик сыйлыктарды: Аскар Салымбековго — 3-даражадагы «Манас» орденин, Александр Крестининге — «Данакер» орденин, Семетей Султановго, футболчулар Азамат Байматовго, Валерий Кашубага, Валерий Кичинге, Виталий Люкска, Мирлан Мурзаевге — «Даңк» медалын тапшырды.

Машыктыруучунун жардамчысы Игорь Кудренко «Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкери» ардактуу наамына, курама команданын дарыгери Нурбек Исмаилов «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» ардактуу наамына татыктуу болушту.

Улуттук команданын башка оюнчулары Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттары менен сыйланышты.

18 адам мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты, 25 спортчу КР Президентинин энчилүү сааттарын алышты.

«Силердики баары алдыда. Биз силерден көптөгөн жеңиштерди күтөбүз. Буйруса, ал күндөр да алыс эмес. Силер Ата-Мекенибиздин футболунун туусун далай жолу бийик көтөрөсүңөр деп ишенебиз», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков футболчуларга кайрылып.

Пикир

Оставить комментарий