• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жээнбеков жаңы өкмөт мүчөлөрүнө “көп иштеп, аз уктагыла” деген тилегин айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.11.18. / Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жаңы өкмөт мүчөлөрүнө "көп иштеп, аз уктагыла" деген тилегин айтты.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште президент Сооронбай Жээнбековдун жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземи өттү.

Антты тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров беришти.

Президент жаңы өкмөт мүчөлөрү иштин жөнүн билген адамдар экенин айтты. “Жаш экениңерге карабай көп жолду басып өткөнсүңөр”, - деди ал.

Мамлекет башчысы жаңы министрлерди алдыда көп сыноолор күтүп тургандыгын айттып өттү.

“Эгер аз уктап, көп иштесеңер максатыңарга жетесиңер. Бүгүн берген антыңарды эсиңерден чыгарбагыла”, - деди мамлекет башчысы жаңы ант берген министрлерге кайрылып.

Пикир

Оставить комментарий