• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбеков Жалал-Абаддагы «Жогорку Ак-Күп» каналынын долбоору менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 30-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Тогуз-Торо районундагы Каргалык айыл округунда жайгашкан Бөксө участкасындагы «Жогорку Ак-Күп» каналынын долбоору менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев маалымдагандай, аталган каналдын курулушу боюнча долбоор 2012-жылы иштелип чыккан. Каналдын курулуш иштерин 2019-2023-жылдарга бүткөрүү пландалууда.

Ал Өкмөт башчысын каналдын жээгинде жайгашкан сугат жерлеринин схемасы менен тааныштырып, курулуш иштери эки этапта өтөөрүн билдирди. Аталган долбоорду ишке ашыруу менен бирге биринчи этабында 3 миң гектарга чейин, ал эми экинчи этабында 1,5-2 миң гектарга чейин сугат аянттары кеңейерин билдирди.

«Тогуз-Торо району сугат сууларына эң көп муктаж болгон республикадагы бийик тоолуу райондордун бири. Аталган каналдын курулушу 2017-2026-жылдарда Кыргыз Республикасында ирригацияны өнүктүрүү Мамлекеттик программасына кирген. Бүгүнкү күндө эл аралык финансылык институттар менен аталган каналга инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Долбоордун сметалык наркы 300 млн сом. Гидротехникалык жабдуулар менен бирге каналдын жалпы узундугу 12,91 км», -деди Көкүмбек Таштаналиев.

Премьер-министр башталган ишти жеке көзөмөлүнө алып, донорлор менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи. Ал аймактарда ирригациялык системаларды жакшыртуу, айдоо аянттарын кеңейтерин, ички миграция агымын кыскартып, кошумча жумуш орундарын түзөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон жумуш сапарын улантууда – бүгүн, 30-июнда, ал Нарын жана Жалал-Абад облустарында болот.

Пикир

Оставить комментарий