Жээнбеков: ЖМКнын позициясынан ар бир өлкөнүн ичиндеги жана мамлекеттер ортосундагы дагы маанай көз каранды

Президент 0

Бишкек, 24.05.19. /Кабар/. «ЖМКнын позициясынан жана жоопкерчилигинен ар бир өлкөнүн ичиндеги жана мамлекеттер ортосундагы дагы маанай көз каранды», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-майда Шанхай кызматташтык уюмундагы өлкөлөрдүн Медиафорумунда.

«Сиздер биздин өлкөлөр үчүн гана эмес, бүт дүйнө үчүн чоң иш жасап жатасыздар. Медиа — учурдагы дүйнөнүн тарыхын дароо чагылдырат деп айтылат. Мен кошумчалайт элем: адамдар дүйнөнү сиздердин көз караш менен көрөт», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Ал ШКУ уюмунун башкы милдеттеринин бири — бул өлкөлөр жана элдердин ортосундагы ишеним жана бири-бирин сыйлоо маанайын жаратуу экенин баса белгиледи.

Президент бул милдетти ишке ашырууда абдан чоң роль массалык маалымат каражаттарына тиешелүү экенин кошумчалады. ЖМКлар ачык диалог түзүүгө, коомдор ортосунда бири-бирин түшүнүүгө көмөктөшөт.

«Сөз дайым курч курал болгон: сөз адамды жок кылат жана сөз жаратуучу боло алат. Мен бардыгыңыздарды сиздердин улуу миссияңарды жогору чындык жана чоң жоопкерчилик менен алып барууңуздарды чакырам», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий