• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Жээнбековдон Мирзиёев менен эки өлкөнүн чек арасында экинчи көзөмөл өткөрүү пунктун ачуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсүн суранышты

Коом 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбековдон Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки өлкөнүн чек арасында экинчи “Кара-Суу” көзөмөл-өткөрүү пунктун ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү суранышты.

Кыргызстандын “Жер азыгы” агробизнесмендеринин ассоциациясынын аткаруучу директору Азиза Юлдашева президенттин бизнес-коомчулугу менен жолугушуусунда сүйлөп жатып, аталган кайрылууну жасады.

Ал экинчи көзөмөл-өткөрүү пунктун ачуу экспорттук-импорттук процедураларды тездетүү менен республикалардын жарандарынын өз ара соода аракетин жөнөкөйлөштүрөрүн билдирди. Бүгүнкү күндө, анын айтымында, “Достук” көзөмөл-өткөрүү пункту аябай толгон, мындан улам ишкерлер көп убактысын бекер коротууда.

Юлдашева президентке коңшу республикалар менен байланышты жакшыртып жатканы үчүн ыраазычылыгын билдирип, бүгүнкү күндө чек ара маселелерин чечүү боюнча иштерди тездетүүгө курч муктаждык бар экенин белгиледи.

Эске салсак, Ош жана Андижан облустарынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын бөлүгүндө жайгашкан “Достук” көзөмөл-өткөрүү пункту 2017-жылдын 6-сентябрында ачылган.

Пикир

Оставить комментарий