• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбековдун инаугурациясы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы “Эне-Сай” кабыл алуу үйүндө өтөт

Президент 0

Бишкек, 16.11.17. /Кабар/. КР президентинин аппаратынын жетекчиси Алмаз Үсөновдун төрагалыгы алдында КР президентинин кызматына киришүү салтанатын даярдоо жана өткөрүү уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйында сценарий каралып, уюштуруу-протоколдук маселелер талкууланганын КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

КРнын шайланган президентинин инаугурациясы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы “Эне-Сай” кабыл алуу үйүндө өтөт.

Салтант саат 10:00дө башталат.

Уюштуруу комитети КР президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгына ылайык түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий