Жер казынасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” КР мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жана “Кыргызстанда уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” КР мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Бул мыйзам 2024-жылдын 13-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун, өлкө үчүн стратегиялык маанилүү ресурстарды пайдалануунун жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн ортосундагы тең салмактуулукка жетишүү максатында мыйзам менен Кыргызстандын уран жана торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу иштерди жүргүзүүгө тыюу салуу жокко чыгарылууда.

Пикир

Оставить комментарий