Жер мунапысы. Ноокат районунда 104 жаранга кызыл китептер тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Ноокат районунда “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, 104 жаранга турак жайын мыйзамдаштырган кызыл китеп тапшырды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызыл китептерди президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов тапшырды.

Жерге мунапыс жарыялангандан бери Ноокат районунун жарандарынан жерлерин мыйзамдаштыруу үчүн 3 мин 198 арыз түшкөн. Анын ичинен 572 адам турак жайына мыйзамдуу түрдө ээлик кылууга мүмкүндүк берген кызыл китепке ээ болушту.

Белгиленгендей, Ош облусунда “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтому жигердүү ишке ашырылууда. Тиешелүү кызматтар ченемдик укуктук актылардын сакталышын камсыз кылуу жана облустун жарандарына турак-жай кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштырган кызыл китеп берүү үчүн бардык күч-аракетин жумшашат.

Пикир

Оставить комментарий