Жер мунапысы. Тоң районунда 94 жаранга кызыл китептер тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 14.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 14-июнда Тоң районунун Көл-Төр айыл аймагынын тургундарынын жер участогунун жеке менчик укугу жөнүндөгү 94 мамлекеттик акты (кызыл китеп) тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин өкүлү Илияз Иманбетов, Тоң районунун акиминин биринчи орун басары Болот Мамбетов, Көл-Төр айыл аймагынын башчысы, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл тургундары катышышты

Белгиленгендей, аталган райондун аймагында КР министрлер кабинетинин "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун негизинде жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссия түзүлүп, иштер жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий