• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Жер тилкесин мыйзамсыз алган компаниялардан жүздөгөн батирлер мамлекетке өттү – Туманбаев

Коом 0

Бишкек, 24.10.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Жер тилкесин мыйзамсыз алган компаниялардан жүздөгөн батирлер мамлекетке өттү. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, "Кут" курулуш компаниясынан 720 батир, "Нурзаман" компаниясынан 720 батир, "Аалам строй" компаниясынан 62, "Билдинг де люкс" компаниясынан 45 батир, "Мисс" ЖЧКсынан 33 батир мамлекетке өттү.

"Бул компаниялар УКМК аркылуу батирлерди мамлекетке берди. Анткени алардын жерлерди мыйзамсыз алып, курулуш баштаганы аныкталды. Бүгүн күндө Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу бул батирлер үлүштүк негизде жарандарга берилет. Булардын көпчүлүгүнүн курулушу 2025-2027-жылдары бүтөт", - деп белгиледи Туманбаев.

Пикир

Оставить комментарий