• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Жергиликтүү кеңештерде мандаттардын санын көбөйтүү. Мыйзам долбоору II, III окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "КР айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" КР мыйзамына, "Борбордун статусу жөнүндө" КР мыйзамына, "Ош шаарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана "КР айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлору каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Шаирбек Ташиев, Айбек Маткеримов.

Мыйзам долбоорлорду Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору Кыргызстандын аймагында административдик-аймактык реформа жүргүзүү алкагында бүтүндөй калктын кызыкчылыгын адилеттүү коргоону камсыз кылуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана конституциялык кепилдиктерди ишке ашыруу максатында иштелип чыккандыгын белгиледи.

Тагыраагы, айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде жаңыдан түзүлгөн административдик-аймактык бирдиктерге байланыштуу тиешелүү аймакта жашаган калктын саны өзгөрдү. Тең өкүлчүлүк принцибин сактоо үчүн жергиликтүү кеңештерде калктын иш жүзүндөгү санына ылайык мандаттардын санын көбөйтүү зарыл.

Талкуунун жүрүшүндө Бекмурза Эргешов жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринен башка айрым кызматтар менен дал келбестиги тууралуу беренеге көңүл бурду. Ал белгилегендей, мамлекеттик же муниципалдык мекеменин жетекчиси административдик ресурстарга ээ болуп, аларды үгүт жүргүзүү үчүн колдонушу мүмкүн.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий