• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

"Жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде аймактын жашоо-тиричилигин камсыздоо жана жергиликтүү деңгээлде калкка кызмат көрсөтүү системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын

6-сентябрындагы № 256 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) төмөнкүдөй мазмундагы 4¹-пункт менен толукталсын:

«4¹. Төмөнкүлөр белгиленсин:

– жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин иши башталганга чейин административдик-аймактык реформанын алкагында чек аралары өзгөргөн шаарлардын мэрлерине жергиликтүү жыйымдарды киргизүү, жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджеттерге өзгөртүүлөрдү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды керектөөнүн тарифтерин жана ченемдерин, жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга карата тарифтерди, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жактырылуучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн муниципалдык менчикти пайдаланууга берүү тартибин бекитүү, укук бузуулар жөнүндө иштерди кароочу комиссиялар жөнүндө жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилет деп;

– шаарлардын мэрлеринин аталган чечимдери андан ары жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин сессияларында бекитилүүгө тийиш деп;

– ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш деп.»;

2) 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

«– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары убактылуу жок болгон мезгилде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарын ченем жаратуучу органдар деп аныктоочу ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.»;

3) төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:

«91. Административдик-аймактык реформанын алкагында чек аралары өзгөргөн шаарлардын мэрлери ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.».

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий