• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана депутаттардын статусу жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилди

Президент 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 19-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 менен кабыл алынган “Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

Алсак, кабыл алынган мыйзам төмөнкү ченемдерди караштырат:
– анча оор эмес кылмыштарды жасаганы үчүн мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандарынан добуш берүү мүмкүндүгү алынып салууда;
– эгерде талапкер мамлекеттик же муниципалдык ишкананын жетекчиси болсо, көрсөтүлгөн учурдан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат;
– эгерде талапкер мамлекеттик саясий кызматчы болсо, көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот;
– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочуларды маалымдоо боюнча зарыл чараларды көрүүнү жогорулатуу бөлүгүндө шайлоо комиссияларга жана маалыматтык материалдарга кошумча талаптар белгиленүүдө;
– кайра уюштурууга алып келүүчү тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө байланыштуу жана (же) администрациялык-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылган учурда президент жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону шайлоо күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен дайындайт;
– эмгек келишиминин (контракттын) негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жумушка алынган кызматкер жергиликтүү кеңештин депутаты боло албайт.

Пикир

Оставить комментарий