• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Аралыктан добуш берүүгө арыздар кабыл алынууда. Даректер

Коом 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда 17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

Ал арада БШК саясий өнөктүктү утурлай,жарандарды 2-ноябрга чейин tizme.gov.kg сайтында же өлкө аймагында ачылган 27 пунктта аралыктан добуш берүүгө арыз таштоого шашылууга чакырды.

Боршайкомдон билдиришкендей, учурда республика боюнча шайлоо комиссиялары аралыктан добуш берүүнү каалагандарды активдүү каттоодо. Алар – туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участкасында добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулар. Мындай мүмкүнчүлүк шайлоо мыйзамдарына киргизилген соңку өзгөртүүлөрдѳн жана толуктоолордон соң пайда болду.
2024-жылдын 2-ноябрына чейин аралыктан добуш берүүнү каалагандар:

  • каалаган аймактык же участкалык шайлоо комиссиясына (же убактылуу жүргѳн жериңиз боюнча же туруктуу жашаган жериңиз боюнча) кайрылуу керек;
  • добуш берүүгө ниеттенген аралыктагы участкалык комиссияга кайрылуу керек (даректерди төмөндө караңыз);
  • Tizme.gov.kg сайтында “Шайлоочунун кабинети” кызматы аркылуу электрондук арыз берсе болот.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого аралыктан добуш берүүнү каалаган шайлоочулардын арызын кабыл алуу үчүн өлкө боюнча жалпысынан 27 пункт ачылды.
Эми туруктуу жашаган жери боюнча добуш бере албаган шайлоочулар 7 шаардагы Калкты тейлөө борборлоруна төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:,

  • Бишкек ш., Чокан Валиханов кѳч., 2;
  • Ош ш., Касымбеков кѳч., 8г/1;
  • Нарын ш., Ленин кѳч., 39;
  • Жалал-Абад ш., Барпы Алыкулов кѳч., 1;
  • Каракол ш., Гебзе кѳч., 124;
  • Баткен ш., Мурат Салихов кѳч., 33/1;
  • Талас ш., Дзержинский кѳч., 28.

Ошондой эле жогорку окуу жайларынын имараттарында арыздарды кабыл алуу боюнча атайын 10 пункт иштеп жатат. Окуу жайлардын жетекчилиги шайлоолорду даярдоого жардам берүүгө даяр экенин жана участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнө жана убактылуу ишке тартылган кызматкерлерге аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алууда жардам берүү үчүн студенттердин ыктыярчы-топторун уюштурушкан.

  • К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети (Бишкек ш, Ч.Айтматов пр, 27);
  • И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (Бишкек ш, И. Ахунбаев көчөсү, 92);
  • И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (Бишкек ш, И. Раззаков көчөсү, 51);
  • Туризм академиясы (Бишкек ш, пр. Чүй, 99);
  • Ош мамлекеттик университети ( Ош ш, В. Ленин көчөсү, 331);
  • Баткен мамлекеттик университети (Баткен ш, И. Жусупов көчөсү, 21);
  • К. Токтомаматова атындагы Эл аралык университет (Жалал-Абад ш, Спутник м/р, Тарсус көчөсү, 1а);
  • Ысык-Көл юридикалык институту Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын (Каракол ш, К. Тыныстанов көчөсү, 46);
  • Талас мамлекеттик университети (Талас ш, А. Нуржанов көчөсү, 25а);
  • Жаштар үйү (Нарын ш, В. Ленин көчөсү, 76).

БШК белгилегендей, 17-ноябрда аралыктан добуш берүү 10 шайлоо участогунда өткөрүлөт. Аралыктан добуш берүүнү каалагандар 2-ноябрына чейин төмөндөгү даректерге кайрылышы керек:
Бишкек:

  • Ленин району - Кыргыз улуттук университетинин имаратынын башкы корпусу ( Фрунзе кѳч., 547);
  • Октябрь району - Октябрь райондук администрациясынын имараты, (Байтик баатыр көчөсү, 17, балдардын “Таберик” музыкалык театрынын залы);
  • Биринчи Май району - К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын имараты (Огонбаев көчөсү № 242);
  • Свердлов району - А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын имараты (Ю.Абдрахманов көчөсү №167);

Ош:

  • А.Навои атындагы орто мектебинде (Масалиева көч., 37);

Баткен:

  • Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде (Ж.Момунов көч., 16)

Жалал-Абад:

  • Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин имаратында (Т.Байзаков көч., 25;

Каракол:

  • К. Тыныстанов атындагы Мамлекеттик университеттин имаратында (Тыныстанов көч., 26);

Нарын:

  • Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имаратында (Ленин көч., 76);

Талас:

  • А.Токтогулов атындагы облустук китепканада (Ч.Айтматов көч. 353).

Пикир

Оставить комментарий