• 87
  • 91.29
  • 0.84

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. Өлкө боюнча шайлоочулардын 14,04 пайызы добуш берди

Коом 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Өлкө боюнча саат 14:00гө карата шайлоочулардын 14,04%ы добуш берди.

Боршайкомдун маалыматына караганда, ушул саатка карата жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо 580 миң 452 шайлоочу жарандык милдетин аткарды.

Анын 201 585и (12,44%ы) шаардык кеңешке, 378 867 жаран айылдык кеңешке добуш берди. Ал эми аралыктан 3541 шайлоочу шайлоого катышты.

Бүгүн Кыргызстанда шайлоо тилкелери саат 20:00гө чейин ачык болот.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтүүдө. Саясий өнөктүккө карата өлкө боюнча 2437 шайлоо участкасы ачылды. Ошондой эле жалпы 10 шайлоо участкасында аралыктан добуш берилүүдө.

БШКнын маалыматына таянсак, жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоочулардын жалпы саны 4 135 039, анын ичинде эркектер - 2 000 528 (48,38%), аялдар - 2 134 511 (51,62%) түзөт.

Жалпысынан 33 шаардык кеңеште 993 депутат жана 231 айылдык кеңеште 5391 депутат шайланат.

Пикир

Оставить комментарий