• 87
  • 91.29
  • 0.84

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. Мыйзам бузуулар боюнча ИИМге 64 билдирүү түшкөн

Коом 0

Бишкек, 17.11.24. /Диана Айдарова - Кабар/. Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшүндө саат 19:00гө карата Ички иштер министрлигине мыйзам бузуулар боюнча 64 билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов билдирди.

Анын ичинен:

- 47 факты боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

- 6 факты боюнча материалдар аймактык шайлоо комиссияларынын кароосуна жиберилди.

- Майда бейбаштык боюнча 1 факты катталды: Бишкектин Биринчи май районундагы шайлоо участкасында шайлоочу Социал-Демократтар партиясы шайлоо бюллетенинде жок экенине нааразычылыгын билдирип, бюллетенди айрып салган. Ага 5 миң 500 сом айып пул салынган.

Макилов белгилегендей, шайлоо тилкелеринде Ички иштер министрлигинин 15 миң кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, шайлоонун жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыз кылууда.

Пикир

Оставить комментарий