• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. Мыйзам бузуулар боюнча ИИМге 69 билдирүү түшкөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.11.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо мыйзам бузуулар боюнча Ички иштер министрлигине 69 билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ИИМдин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов билдирди.

Ал белгилегендей, келип түшкөн билдирүүлөрдөн тастыкталган жана тастыкталбаган маалыматтар аныкталып, 10 арыз боюнча кылмыш иши козголгон. Анын ичинен: 7 факты шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча, Бишкекте – 2, Чүй облусунда – 3 жана Талас облусунда – 2 кылмыш иши козголду.

"Майда бейбаштык боюнча 2 факты катталды. Бишкектин Биринчи май районундагы шайлоо участкасында шайлоочу Социал-Демократтар партиясы шайлоо бюллетенинде жок экенине нааразычылыгын билдирип, бюллетенди айрып салган. Ага 5 миң 500 сом айып пул салынган. Ал эми калган учурлар баннерлерди уурдоо жана массалык баш аламандыкка чакыруулар боюнча”, - деди ал.

Ошондой эле ал өлкөдө саясий кырдаал туруктуу экенин айтып, ар кандай провокациялык чакырыктарга көңүл бурбоо керектигин белгиледи.

"Кечээ, шайлоо тилкелеринде ИИМдин 15 миң кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук коопсуздукту камсыз кылышты. Жалпысынан республиканын аймагында коомдук-саясий абал туруктуу. Шайлоо тынч жана одоно укук бузуулары жок өттү”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий