• 87
  • 91.29
  • 0.84

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. Саат 18:00гө карата 4 миң 716 жаран аралыктан добуш берди

Коом 0

Бишкек, 17.11.24. /Диана Айдарова - Кабар/. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын аралыктан шайлоочулар үчүн уюштурулган тилкелерде саат 18.00гө карата 4 миң 716 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, бул жалпы аралыктан добуш берүүчүлөрдүн 58,11 пайызын түзөт.

Белгилей кетсек, аралыктан добуш берүү үчүн өлкө боюнча 9 миң 50 жаран катталган. Алардын ичинен 4 миң 879 шайлоочу Бишкек шаарынан катталгандар.

Пикир

Оставить комментарий