• 87
  • 91.29
  • 0.84

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. Саат 18:00гө карата мыйзам бузуулар боюнча 10 арыз түшкөн

Коом 0

Бишкек, 17.11.24. /Диана Айдарова - Кабар/. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо саат 18.00гө карата мыйзам бузуулар боюнча жалпы 10 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, арыздардын жана кайрылуулардын ичинен, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн шарттарын бузуу фактысы 1, добуш сатып алуу ыктымалдуулугу боюнча 1 арыз, шайлоочулардын укугун бузуу боюнча 1 жана башка мыйзам бузуулар боюнча 5 арыз түшкөн.

Ал эми, 1 арыз бюллетенди тытып салуу боюнча, шайлоочуларды ташуу боюнча 3 арыз жана талапкер тарабынан шайлоочуну мазактоо боюнча 1 арыз келип түшкөн.

Жогорудагы мыйзам бузуулар боюнча келип түшкөн арыздардын негизинде, шайлоо тилкесинде бюллетенди тытып салган жаранга 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынган. Окуя Бишкек шаарынын Биринчи май районунда катталган.

Ошондой эле кылмыш жана жаза кодексинин 126- беренесине ылайык, 1 материал сотко жиберилген. Ал эми 3 арыз боюнча кылмыштын курамы жок деген тыянак чыккан. Ошондой эле, ИИМдин кароосуна 3 материал жиберилип, 3 арыз Аймактык шайлоо комиссияларына жиберилген.

Мыйзам бузуулар төмөнкү аймактарда катталган:

  • Бишкек шаарында – 5
  • Жалал- Абад облусунда –1
  • Чүй облусунда – 2
  • Талас облусунда – 2.

Пикир

Оставить комментарий