• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Талапкерлерди каттоо качан аяктай тургандыгы белгилүү болду

Коом 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоону утурлай, талапкерлерди көрсөтүү жана аларды каттоо мөөнөттөрү белгилүү болду.

Боршайкомдун маалыматы боюнча, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү 7-октябрда, ал эми талапкерлердин тизмесин каттоо 18-октябрда аяктайт.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 17-октябрында саат 18:00гө чейин жүргүзүлөт, ал эми талапкерлерди каттоо 28-октябрда жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 17-ноябрга дайындалган.

Маалымат үчүн: "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга ылайык 21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Шаардык жергиликтүү кеңештерге - саясий партияларга, айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга берилет.

Шаардык кеңештердин депутаттарынын шайлоосу пропорционалдык системасы боюнча, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарынын шайлоосу мажоритардык системасы боюнча өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий