• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жергиликтүү соттордун 16 төрагасы пилоттук тренингге катышууда

Коом 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» Европа Биримдигинин долбоору менен биргеликте 2017-жылдын 13-14-февралында Кыргыз Республикасынын I-инстанциядагы жергиликтүү сотторунун биринчи жолу шайланган төрагалары үчүн пилоттук тренинг өткөрүүдө. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын тренерлери Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрайымы Джаркеева Э.С., Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун төрагасы Узакбаев А.Н. ошондой эле Европа Биримдигинин долбоорунун эл аралык эксперттери, Германиянын отставкадагы судьялары Манфред Верт жана Хельмут Палдэ.

Тренингди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымынын орун басары Базаралиева А.М., сот адилеттигинин Жогорку мектебинин мүдүрүнүн м.а. Тургунбаева Р.К., «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» Европа Биримдигинин долбоорунун жетекчиси С. Кареклас жана электрондук сот адилеттүүлүгү жана сотторду башкаруу боюнча Европа Биримдигинин долбоорунун негизги эксперти К. Копецки ачышты.

Пикир

Оставить комментарий