• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Жергиликтүү соттордун айрым судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун атына жергиликтүү соттордун айрым судьяларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, аларды кызматтан бошотуу боюнча сунуштар келген. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдеринин негизинде мамлекет башчысы кол койгон Жарлыкка ылайык, Ош облусунун административдик сотунун жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду.

Алар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялык кызматтарынан бошотулду:

— Абдыкадырова Зарина Омаровна;

— Шаршеев Эрмек Муслимович.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий