• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Президент 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атына судьялардын кызматтарына дайындоо боюнча сунуштар келип түшкөн: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна 1 талапкер, Баткен облусунун 5 жергиликтүү сотторуна 6 талапкер, Ысык-Көл облусунун 4 жергиликтүү сотторуна 5 талапкер жана Нарын облусунун 6 жергиликтүү сотторуна 6 талапкер (бардыгы 18 талапкер) боюнча.

2019-жылдын 27-декабрында Мамлекет башчысы айрым талапкерлер менен маектешти. Маектешүүнүн, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Сооронбай Жээнбеков судьялык кызматка 17 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна сунуш кылынган 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, Мамлекет башчысы бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарып берди.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызматтарына 17 талапкер боюнча Президент Сооронбай Жээнбеков чыгарган жарлыктарга ылайык, дайындалган судьялар милдетин өтөөгө төмөнкү сотторго жиберилди:

Баткен облусу

—Сүлүктү шаардык соту: Жаназаков Бакытбек Маасыдыкович;

—Лейлек райондук соту: Салиев Канатбек Камчыбекович;

—Кадамжай райондук соту: Шаназаров Карабай Кожомбердиевич;

—Баткен райондук соту: Ажимуратов Болотбек Камилович, Жолдошалиев Расул Абдыракманович;

—Кызыл-Кыя шаардык соту: Дыйканов Нургазы Пиримбердиевич;

Ысык-Көл облусу

—Жети-Өгүз райондук соту: Энкилбаева Эльнура Батырбаевна;

—Түп райондук соту: Болотбаев Мелис Жаныбекович, Оболбеков Бактияр Аскарбекович;

—Тоң райондук соту: Бекенов Туратбек Орозбаевич;

—Балыкчы шаардык соту: Бекишов Эрлан Дуулатбекович;

Нарын облусу

— Нарын райондук соту: Калыбеков Урмат Анварбекович;

— Кочкор райондук соту: Мамбетов Элдияр Асантурович;

— Жумгал райондук соту: Арзиев Ачылбек Муракимович;

— Ат-Башы райондук соту: Абжалбек кызы Зарина;

— Ак-Талаа райондук соту: Моютова Назгүл Аманбековна;

—Нарын шаардык соту: Орозалиев Алмазбек Касыевич.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий