Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атына Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызматтарынан жеке каалоосу боюнча бошотуу тууралуу сунуштар келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык, Мамлекет башчысы тарабынан төмөнкү судьялардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жарлыктарга кол коюлган:
— Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Берюева Анаркүл Декановнанын;
— Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Субанкулов Адылбек Анарбековичтин.
Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Пикир
Оставить комментарий