• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жергиликтүү соттордун жаңы дайындалган судьялары ант берди

Коом 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 2021-жылдын 28-июнунда, КР Жогорку сотунда жергиликтүү сотторго жаңы дайындалган бир катар судьялар салтанаттуу түрдө ант беришти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, судьялар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 26-июнундагы Жарлыгы менен биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө дайындалган.

Жогорку сотто ант берген судьялардын тизмеси төмөнкүдөй:

Чүй облусу:

Аламүдүн райондук сотуна:

Джээнбекова Аида Бекеновна;

Рыспекова Жаркын Кубатбековна;

Шанкаев Талгат Токтоназарович;

Шералиев Саматбек Абдуллаевич;

Ысык-Ата райондук сотуна:

Курманалиева Аида Абдынасаровна;

Кемин райондук сотуна:

Атаканова Назгул Калиевна;

Калиева Клара Джакшылыковна;

Москва райондук сотуна:

Аскарбеков Арстанбек Аскарбекович;

Байзаков Нурлан Марданович;

Сулайманов Атабек Абдышевич;

Узбекова Халида Асанкуловна;

Усубалиев Бакыт Токтогазиевич;

Жайыл райондук сотуна:

Айтмолдоев Бактыбек Аскарович;

Панфилов райондук сотуна:

Эралиев Бектурсун Толонаалыбекович;

Токмок шаардык сотуна:

Арстанбек кызы Айпери;

Иманбеков Бактыбек Орозбаевич;

— Ош облусу:

Ош шаардык сотуна:

Турдукулов Тилек Ураимжанович;

— Ысык-Көл облусу:

Ысык-Көл райондук сотуна:

Оторбаева Айзада Жумабековна.

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова жаңы дайындалган судьялардын ишине ийгилик каалап, кармаган анттарына бекем турууга жана таза, адилеттү иш алып барууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий