Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Жергиликтүү сотторго жаңы дайындалган бир катар судьялар салтанаттуу түрдө ант беришти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, судьялар президент Садыр Жапаровдун Жарлыктары менен биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө дайындалган.
– Чүй облусу:
— Сокулук райондук сотуна:
Садыков Болот Калыбекович;
— Ысык-Ата райондук сотуна:
Шабданбеков Болот Турарович;
— Чүй райондук сотуна:
Абдрасул уулу Бектур;
— Токмок шаардык сотуна:
Акбалаева Нурия Каинбековна;
– Ош облусу:
— Кара-Суу райондук сотуна:
Мамасалиева Мээрим Жумалиевна;
— Ош шаардык сотуна:
Максатбеков Султан Максатбекович;
Мойдунов Абдисалам Абылкасымович;
– Жалал-Абад облусу:
— Жалал-Абад шаардык сотуна:
Бекчалов Кеңешбек Нуржалилович;
– Бишкек шаары:
— Октябрь райондук сотуна:
- Карабеков Тимурлан Абдыганыевич.
Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова жаңы дайындалган судьялардын ишине ийгилик каалап, кармаган анттарына бекем турууга жана таза, адилеттү иш алып барууга чакырды.
Пикир
Оставить комментарий