• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти

Коом 0

Бишкек, 07.10.24. / Кабар/. Бүгүн жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант берип, ишке киришти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, президенттин жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо тууралуу жарлыгына ылайык, Динара Качкыналиева беш жылдык мөөнөткө Бишкек шаардык сотуна дайындалды.

Мамлекет башчысынын дагы бир жарлыгы менен КР Конституциясы жана КР судьяларынын статусу жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык, Наргиза Кувандыкова Баткен облустук сотуна дайындалды. Ошондой эле Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй облустарынын райондук соттору жана Ош шаарынын соттору кызматка бекиди.

Иш-чарада Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков ишке киришкен судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.

Биринчи жолу дайындалган судьялардын ант берүүсү аяктагандан кийин, Жогорку сотунун төрагасы судьялардын катышуусунда жергиликтүү соттордун төрагалары менен онлайн режиминде кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө ал бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүп, катышуучулардын көңүлүн сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу зарылдыгына бурду.

Пикир

Оставить комментарий