Бишкек, 02.11.24. /Кабар/. Жээнбаев Бактыярбек Канатбекович Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түнтүк аймактар аралык башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
Ведомтводон маалымдашкандай, тиешелүү буйрукка агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев кол койду.
Агенттиктин директорунун орун басары Максатбек Саргазаков жаңы жетекчини башкармалыктын эмгек жааматына тааныштырып, алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалады.
Пикир
Оставить комментарий